super.kg logo

Каракалпакстанда жоокер мас абалында 5 адамды бычактап салды

 

Каракалпакстанда Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мас абалындагы катардагы жоокери бычак менен беш адамды жарадар кылып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нукус шаарындагы инженердик-курулуш батальонунда кызмат өтөгөн 19 жаштагы катардагы жоокер мас абалында беш адамды бычак менен жарадар кылган. Натыйжада алардын бири ооруканада каза болгон. Иш Өзбекстандын Аскердик прокуратурасынын карамагына өткөрүлдү.

Окуя 3-январь күнү саат 03:30да болгон. Анда 19 жаштагы катардагы жоокер кесиптешин сабап, андан соң аскер бөлүгүнөн чыгып кеткен. Ал мас абалында Даналар көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине кирип, ал жерден бычак алып, баласы менен уктап жаткан келинди зордуктоого аракет кылган.

Келиндин кыйкырыгынан 28 жаштагы жолдошу ойгонгон. Бычак менен куралданган мас жоокер ага кол салган, ал ооруканада каза болгон.

Андан кийин жоокер үйдө болгон 64 жаштагы кишиге жана анын 37 жаштагы уулуна, ошондой эле Айбуйыр көчөсүндөгү башка үйдөн 68 жана 43 жаштагы эки кишиге кол салган. Алардын баары ооруканада.

Окуя болгон жерден далил катары узундугу 20 см, туурасы 8 см болгон кесүүчү бычак алынган.

Бул иш боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, жоокер кармалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: