super.kg logo

Лионель Месси Байденден сыйлык алуу үчүн Ак үйгө келген жок

 

Америкалык "Интер Майами" футбол клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси Ак үйдө АКШнын президенти Жо Байденден жеке өзү алышы керек болгон сыйлыкты тапшыруу аземине катышкан жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Месси АКШнын эң жогорку жарандык сыйлыгы – Президенттин Эркиндик медалы менен сыйлана тургандардын арасына кирген. Анда жалпысынан 19 адамды сыйлоо пландаштырылган.

Расмий катта айтылгандай, Мессинин сыйлык тапшыруу аземине келбеши анын убактысы тар болуп жатканы жана башка жагдайлар бар экени себеп болгон. Футболчу сыйлык үчүн Байденге ыраазычылыгын билдирген.

Салтанатка андан башка бардык лауреаттар жеке катышты. Алардын арасында баскетболчу Мэжик Жонсон, ырчы Боно, актёрлор Майкл Жей Фокс жана Дензел Вашингтон, Хиллари Клинтон сыяктуу атактуу инсандар бар.

37 жаштагы аргентиналык футболчу бул сезондо "гол + пас" системасы боюнча Америка Лигасынын лидери болууда. Ал 20 гол киргизип, 16 голдук пас чыгарып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: