super.kg logo

Кытайда дагы бир вирус тарап, ооруканалар жык-жыйма толду (видео)

 

Коңшу Кытайда курч респиратордук инфекциялар менен ооругандардын саны активдүү өсүүдө. Бул тууралуу изилдөөдөн кийин жергиликтүү Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу башкармалыгынан билдиришти.

Кытайда жүрүп жаткан вирус метапневмовирус деп аталат. Учурда бул вирустан улам Кытайдын түндүк провинцияларындагы ооруканалар толду. Көбүнчө 14 жашка чейинки балдар ооруп, инфекция абдан тез жайылып жатат. Улуу Британияда буга чейин инфекциянын бир нече учуру аныкталган.

Метапневмовирустун симптомдору ковидге окшош: чыйрыгуу, жөтөл, ангина, алсыздык жана баш айлануу. Бактыга жараша, метапневмовирустун көпчүлүк учурлары жеңил болот. Ал эми иммундук системасы начар адамдарда бронхит жана пневмониянын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.

Кытай өкмөтү жаңы штаммдардын бар экендигин жана өлүмдүн жогорку көрсөткүчүн тастыктаган жок. Бирок Тайванда тургундардан беткап кийүүгө кайтып келүүнү суранып жатышат.






Кытайда дагы бир вирус тарап жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: