super.kg logo

Абхазияда үй менен кошо 5 бала өрттөнүп кетти

 

Абхазиянын Гал аймагындагы Папынырхуа айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 5 бала каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, үйдө 5 бала жана алардын чоң энеси гана бар болчу. Эртең менен чоң энеси от жакканы жатып, бензинди солярка менен чаташтырып алып, өрт чыккан. Жыгач үй дароо өрттөнө баштаган. Ошол маалда бир жарым жаштан сегиз жашка чейинки 5 бала уктап жаткан, үй ошол замат өрттөнүп, аларды куткарууга мүмкүн болгон эмес.

Абхазиянын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, президенттин милдетин аткаруучу Бадр Гунбага Гал аймагында болгон трагедия тууралуу маалымат берилди.

Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон 5 баланын баары бир туугандар экенин тактады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: