Оштогу ооруканадан өрт чыкты (видео)
Ош шаарындагы ооруканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, ӨКМге келген билдирүүдөн улам жерине саат 08:03тө 1 күжүрмөн эсеп, 10 мүнөттөн кийин кошумча 4 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Натыйжада тилсиз жоо толугу менен саат 10:05те өчүрүлдү.
ӨКМ өрттүн жалпы аянты болжол менен 468 чарчы метрди түзгөнүн, бактыга жараша, жабыркагандар болбогонун кошумчалады.
06.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.