super.kg logo

Тажикстандыктарга жаңы жылдык куттуктоону Эмомали Рахмон эмес, анын уулу айтты

 

Быйыл коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон салттуу түрдө мекендештерин жаңы 2025-жылы менен куттуктаган жок. Анын ордуна анын уулу, Душанбе шаарынын мэри жана өлкөнүн парламентинин спикери Рустам Эмомали элге кайрылуу жасаганын Евразиялык брифинг” Тelegram каналы жазды.

Ал тургай Тажикстан Республикасынын президентинин расмий сайтында да куттуктоонун тексттик версиясы жарыяланган эмес.

Тажикстандын президенти көп жылдардан бери биринчи жолу көп жылдык салтты үзгүлтүккө учуратканынын себептери азырынча белгисиз.

"Президенттен жаңы жылдык куттуктоонун жоктугу жана Рустам Эмомалинин расмий кайрылуусу Тажикстанда бийлик жакын арада алмашары тууралуу ушактарды кайрадан жаратты, айрыкча Тажикстанда бийлик атадан балага өтүшү мүмкүн деген кеп көптөн бери айтылып келген. Бийликтин өтүшүнө байланыштуу имиштерден тышкары Рахмондун ден соолугунун абалы салттуу видеокайрылууларды жазууга мүмкүндүк бербегени себеп катары көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын президенти коомдук чөйрөгө 2025-жылдын 4-январында чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: