Хусийлер Кызыл деңиздеги америкалык учак конуучу кемеге сокку урду
Йемендин түндүк бөлүгүн башкарган "Ансар Аллах" кыймылы (хусийлер) Кызыл деңизде АКШнын авианосецине кол салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Хусийлер америкалык USS Harry Truman учак конуучу кемесине каршы жогорку сапаттагы аскердик операция өткөргөнүн жарыялашкан. Кыймыл учкучсуз учак менен болгон кол салуу Йеменге сокку урууга даярданып жатканда уюштурулганын, тагыраагы, операция чабуулдун мизин майтарганын белгилеген.
Al Masirah телеканалы шиит кыймылы америкалык согуштук кемеге эки канаттуу ракета жана төрт учкучсуз учак менен кол салганын маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.