super.kg logo
  Спорт  

Акжолдун атасы уулу Олимпиада чемпиону болбой калышына кимдер күнөөлүү экенин айтты

 

Балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов уулу Париж Олимпиадасында чемпион болбой калышына эки күнөөкөр бар экенин айтты. Бул тууралуу ал журналист Эмир Арстанбек уулунун Ютуб каналына берген маегинде билдирди.

Спортчунун атасы күнөөкөрлөрдүн бири өзү, экинчиси балбандын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов экенин белгилеген.

"Мен көбүрөөк Ошто болуп калып, көзөмөлдү жоготтум. Мейрамбек агай атасы карап жатат деп ойлойт, мен Мейрамбек карап жатат дейм. Акжолдун Олимпиадага даяр эмес барып калганынын өтө чоң себеби бар. Ал физикалык жактан даяр болгону менен, моралдык-психологиялык жактан даяр эмес экен. Олимпиада кыска убакытта, төрт жылда бир боло турган турнир болгондуктан ал жакта психология чоң роль ойнойт. Акжолдун аң сезиминде Олимпиададан жогору башка нерселер турган да. Агайлардын күнөөсү эмес, өзү психологиялык жактан даяр болгон эмес. Себептерин кийин билдик", - деди Мухамед Махмудов.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Париж Жайкы Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло байге уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: