super.kg logo

Трамп Канадага кайрадан АКШга кошулуу сунушун берди

 

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Канадага кайрадан Кошмо Штаттарга кошулууну сунуштады. Ал мындай билдирүүсүн Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо кызматтан кетүү ниетин билдиргенден кийин жасады.

Трамп Трьюдо кызматтан Америка мындан ары Канадага көрсөтүп келген каржылык колдоого чыдай албастыгын түшүнгөндөн кийин кеткенин белгилеген. Ошондой эле ал канадалыктардын көбү өлкөсү АКШнын 51-штаты болуп кошулуусун колдой турганын айткан.

"Эгер Канада Кошмо Штаттары менен бириксе, анда салыктар аз болмок. Ошондой эле Канадага жакын жерде тынымсыз жүргөн орусиялык жана кытайлык кемелер коркунуч туудурмак эмес. Биргелешип улуу эл болмокпуз", - деп жазган ал дүйшөмбү күнү, 6-январда Truth Social социалдык баракчасына.

Трамп муну менен Канаданын АКШга кошулуу идеясын биринчи жолу көтөрүп жаткан жок. Буга чейин ал өткөн жылдын декабрь айында айтып жаткан идеясын 2 жолу көтөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: