super.kg logo

"Орусияны түшүнөм". Дональд Трамп 6 айдын ичинде Украинадагы жаңжалды токтотууну убада кылды

 

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды 6 айдын ичинде токтото алат. Бул тууралуу Дональд Трамп өзүнүн Мар-а-Лаго (Флорида) резиденциясында берген маалымат жыйынында билдирди.

Трамптын айтымында, эгер ал президент болгондо чыр-чатак башталмак эмес. Шайланган лидер Украинадагы кырдаалга АКШнын кызматтан кетип жаткан президенти Жо Байдендин да тиешеси бар экенин айткан.

"Мен Орусиянын ички сезимин түшүнөм. Биз 6 айдын ичинде ийгиликке жетебиз деп үмүттөнөм", - деген Дональд Трамп.

Саясатчы ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин кошумчалаган. Бирок, Трамптын айтымында, бул ал инаугурациядан кийин гана болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: