super.kg logo

Бишкектин жолдоруна түнү менен 246 тонна туз себилген

 
Бишкектин жолдоруна түнү менен 246 тонна туз себилген. Бул туурасында бүгүн, 8-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, “Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмү менен биргеликте борбор калаанын жолдорун кардан тазалоо жана туз себүү иштерин ыкчам жүргүзүүдө.
"8-январь саат 9:00гө карата 246 тонна өндүрүштүк туз керектелген. Линияда болгону 71 бирдик атайын техника бар. Карды тазалоого жаңы атайын техникалар тартылып, ишкананын кызматкерлери тротуарларды, жолдун бордюрларын тазалоого тартылууда", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия карды тазалоо боюнча суроолор туулса шаардыктарды күнү-түнү иштеген номурларга байланышууга чакырат. 1850 жана 1840 телефондоруна чалып, 0554 182 185 (WhatsApp) номурларына сүрөттөрдү жиберсе болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: