super.kg logo

Трамп: "Эрдоган менин терең урматтаган досум" 

 

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүп, анда тышкы саясаттын негизги аспектилерин, анын ичинде Сириядагы кырдаалды талкуулады.

Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө АКШнын Сирияда ДАИШ террордук тобун жеңип, аскерлеринин көбүн өлкөдөн чыгарып кеткенин эске салды. Бирок ал калган 2 миң америкалык аскерди толук чыгарып кетүү маселесин ачык калтырды.

"Мен муну ачыкка чыгарбайм, анткени бул аскердик стратегиянын бир бөлүгү. Бирок Түркия менен байланышы бар деп айта алам", - деди ал.

Трамп Түндүк-Чыгыш Сириядан америкалык аскерлердин чыгарылуусу тууралуу суроого түз жооп берүүдөн качты, бирок Түркияны жана анын лидерин мактады. Ал Анкаранын Сирия процессинде негизги ролду ойноорун баса белгиледи.

"Президент Эрдоган менин досум, мен аны терең урматтайм. Ал дагы мени сыйлайт деп ишенем. Түркия чоң күч жана мен Эрдоган менен жакшы мамиледемин. Анын согушта алсырабаган олуттуу аскердик күчтөрү бар. Ал абдан күчтүү жана кубаттуу армия жаратты", - деди Трамп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: