super.kg logo

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекетке алынды (фото)

 

Бишкектин Ак-Өргөө конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдан 15 батир мамлекетке алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган. Тагыраагы, жер тилкелерин алгач жеке адамдарга берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон.

Учурда ал жерге социалдык объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак үй курулуп жатат.

"Курулуш компаниясы салынып жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метр (баасы 89 миллион 367 миң сом) 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди, аталган үйлөрдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган", - деп айтылат мааламатта.

Учурда УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз өткөрүп берүү фактыларын жана ага көмөк көрсөткөн кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер улантылып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: