super.kg logo

Жайылдагы психоневрологиялык мекемеде ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгы айтылды

 
Чүй облусундагы Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин шарттарын жакшыртуу иштери башталды. Бул туурасында бүгүн, 8-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрлик мындай шарттар жаңы жетекчинин аракети жана жаңы министр Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен ишке ашып жаткандыгын белгилеген. Мекемеде психоневрологиялык диагнозу бар 245 аял толук мамлекеттик камсыздоодо жашап жатат.
"Оорунун оор түрү менен жабыркаган аялдар жашаган 1-корпуска өзгөчө көңүл бурулду. Алардын ыңгайлуулугу жана жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн килемдер салынып, эмеректер коюлган. Мындан тышкары жууркан, шейшептер алмаштырылган.
Бул өзгөртүүлөр көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана бардык жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган комплекстүү иштин бир бөлүгү болуп калды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын октябрь айында аталган жайдагы кейиштүү абал жана бейтаптарга жасалган мамиле боюнча Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор видео менен бөлүшүп, Эмгек министрлиги мекемеге комиссия жибергенин билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: