"Дөңгөлөк жарылып..." Лейлекте DAF айдап бараткан айдоочу капыстан каза тапты



Бүгүн, 8-январда Лейлекте оор жүк ташуучу автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Раззаков–Ош унаа жолунун 330-чакырымында Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Э. өзү айдап бараткан DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп, арткы сол жак дөңгөлөгүн текшергени барганда дөңгөлөк жарылып кетип, ал оор абалда Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жетпестен жолдо каза болгон.
Окуя болгон жерге Лейлек РИИБинин ыкчам тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.