Чатырдагы муз өмүргө кооптуу. ӨКМ коопсуздук эрежелерин эскертти

- Көп кабаттуу имараттардын, турак үйлөрдүн чатырында пайда болгон муздар эң көп кооптуулук жаратат. Андыктан жол жээгинде бара жатканда имараттын дубалына жакын баспаңыз;
- Чатырдын карнизинин астына турбаңыз;
- Балдарды ал муздарды сындырып ойногонуна жол бербеңиз;
- Сыртка чыгып жатканда үйүңүздүн, имараттын чатырына чогулган кардын көлөмүнө көңүл буруңуз;
- Жол өтмөктөрүнөн бара жатканда чатырдан кандайдыр бир дабыштарды уксаңыз, маани бериңиз. Бул учурда чатырга топтолгон кар массасы же тоңгон муз түшүшү мүмкүн;
- Кулакчаны тагынып алып жолдо баспаңыз. Жерди эле эмес, өйдө жакты да карап, айланыңызга көңүл буруңуз;
- Унааны жана баланын коляскасын имараттын дубалына, балконго жакын койбоңуз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.