super.kg logo

Бишкекте энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

 
"Бишкек электр тармактары" ишканасы аба ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул боюнча Энергетика министрлиги бүгүн, 8-январда маалымдады.
Ага ылайык, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында ишканада 12 ыкчам чыгуучу бригада нөөмөттө турушат.
"Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалды. Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы ыкчам жоюу схемасын иштеп чыгуу менен даярдалган. Бардык оңдоо бригадалары зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон", - дешти министрликтен.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор болсо колл-борборго 1209, 105 жана 0772 001209, 0702 001209 номерлерине кайрылса болот, же WhatsApp 0556 001209 номерине жазып, маалымат алса болот.
Министрлик абанын суукташы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келерин, ал электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.
"Керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз", - деп жазылат анда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: