Индиядагы фестивалда пил адамдарга кол салып, 10дон ашык жаран жаракат алды
Индиянын Керала штатында фестиваль учурунда пил адамдарга кол салып, кеминде 17 киши жаракат алды. Алардын биринин абалы оор экенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, окуя жекшембиге караган түнү Малаппурам шаарында өткөн фестивалда болгон. Иш-чарага беш пил катышып, алардын бири чогулгандарга кол салган.
Окуя болгон жерде тартылган видеодо пил бир адамды тумшугу менен бутунан алып, ары-бери айлантып, кийин ыргытып жибергенин көрүүгө болот.
Жабыркагандардын көпчүлүгү дүрбөлөңгө түшкөн учурда түртүшүүдөн жаракат алышканы айтылат.
08.01.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.