super.kg logo

Өзбекстанда кыргызстандык кыз жол кырсыгына кабылды. Учурда ал оор абалда

 

Социалдык тармактарда коңшу Өзбекстанда кыргызстандык кыз жол кырсыгына кабылып, оор абалда жатканы тууралуу маалымат тараган.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Анда министрлик учурда кыздын абалы оор экенин айтып, жанында тууганы карап жатканын кошумчалады.

"5-январда Дангара райондук ооруканасына кыргыз жараны А.к.К. баш жана ички органдардын жаракаттары менен жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү ага операция жасалып, учурда жалпы палатага которулган. Абалы оор деп бааланууда. Жабырлануучу А.к.К. дарыгерлердин такай көзөмөлүндө жана дарылоосунда, жанында тууганы карап турат.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги медицина кызматкерлери жана жабырлануучунун жакындары менен дайыма байланышта экенин билдирет", - деп билдиришти ТИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: