super.kg logo

Бишкектин карамагына өткөн аймактагы дагы бир негизиги көчө жарыктандырылды

 
Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районуна өткөн Алмата көчөсү эми толук жарыктандырылды. Бул туурасында кечээ, 8-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, Жибек Жолу проспектисинен айланма жолго чейинки узун тилке, узак убакыттан бери жарыксыз болуп келген. Долбоордун алкагында 170 заманбап, 200 Ватт кубаттуулуктагы жарык диоддуу чырактар орнотулду. Система туруктуу иштеши үчүн 6000 метрден ашуун өз алдынча изоляцияланган зым тартылды.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана “Бишкек жарык” ишканасынын кызматкерлери катышып, долбоордун ишке ашырууда инфраструктураны жакшыртып эле койбостон, шаар тургундары үчүн коопсуздук жана ыңгайлуулукту арттырганын белгилешти.
Белгилей кетсек, буга чейин Свердлов районундагы бир нече көчөлөр жарыктандырылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: