Өлкөдөгү ашууларда абал кандай? Транспорт министрлиги маалымат таратты
Бүгүн, 9-январда өлкөнүн бардык ашууларында каттам бар, жолдор ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда инерттик материалдарды чачуу, жолдорду кардан тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
"Жолчулар атайын кезекке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат. Айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырабыз", - деп эскертти министрлик.
Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча маалымат таратты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.