super.kg logo

Кыргызстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде 68-орунду ээледи

 

Кыргызстандын паспорту Global Passport Power Rank 2025’тин рейтингинде 78 упай менен 68-орунду ээледи. Анда Кыргызстандын жарандары 30 өлкөгө визасыз бара алышары белгиленген. Ал эми 48 өлкөгө барганда виза алышат жана 120 өлкөгө саякаттоо үчүн алдын ала виза талап кылынат.

Коңшулардан Өзбекстан дагы 78 упай топтогон Кыргызстан менен бир деңгээлде. Ал эми Казакстандын паспорту 96 упай алып, 52-орунга ээ болду. Казак паспорту 46 өлкөгө визасыз кирүүгө укук берет, 50 мамлекетке келгенде виза берилет, 102 мамлекетке барууга алдын ала виза талап кылынат.

Тажикстандын паспорту 73 упай топтоп, рейтингде 72-орунду ээледи. Ал 27 мамлекетке визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет, 46 өлкөгө келгенде виза берилсе, 125 өлкөгө виза талап кылынат.

Ал эми Кытайдын паспорту 97 упай алып, 51-орунга ээ болду. Кытай паспорту 44 өлкөгө визасыз кирүүгө укук берет, 53 мамлекетке келгенде виза берилет, 101 мамлекетке барууга виза талап кылынат.

Орусия бул рейтингде 128 упай менен 37-орунда турат. Анын паспорту 84 өлкөгө визасыз кирүүгө укук берет, 44 өлкөгө келгенде виза берилет, 70 өлкөгө виза талап кылынат.

Белгилей кетсек, Global Passport Power Rank паспортторду баалоодо визасыз кире ала турган, келгенден кийин виза ала турган же электрондук кирүү уруксатын ала турган өлкөлөрдүн санына жараша рейтинг чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: