Түркия армиясын согуштук даярдыкка келтирди
Түркиянын куралдуу күчтөрү Сирияда Күрдистан жумушчу партиясынын (ПКК) согушкерлерине каршы ыктымал операцияга байланыштуу күжүрмөн даярдыкта турат. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Анкара, Сириянын жаңы жетекчилигинен террордук уюмга каршы керектүү чараларды көрүүсүн талап кылып, чек арадагы аскерлер согуштук даярдыкка келтирилди", - деп жазылат маалыматта.
Башар Асаддын режими кулатылгандан кийин Түркия Сирияга инфраструктураны калыбына келтирүүдөн тарта саламаттыкты сактоого чейин ар түрдүү тармактарда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда согушкерлерди жок кылуу чаралары көрүлүүдө.
Түркия ошондой эле Сириянын учурдагы өкмөтүнүн лидери Ахмед аш-Шараа менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, анда өз талаптарын билдирген:
Сириянын жараны болбогон террористтер, анын ичинде Түркия, Иран, Ирак жана Европадан келгендер өлкөдөн чыгып кетиши керек;
ПККнын бардык лидерлери, анын ичинде сириялыктар да Сириядан чыгышы керек. Топтун сириялык мүчөлөрү куралдарын таштоого милдеттүү жана алардын келечектеги тагдырын Сирия өкмөтү чечет.
Эске сала кетсек, куралдуу козголоңчулар Сириянын борборун 2024-жылдын 8-декабрына караган түнү басып алышкан. Сирияны 2000-жылдан бери башкарып турган Башар Асад Орусияга качып кеткен. Ошентип Сирияда 1963-жылы өлкөдө бийликке келген "Баас" партиясынын бийлиги аяктады.
