super.kg logo

Баку–Казань–Баку аба каттамы белгисиз мөөнөткө токтотулду

 

Azerbaijan Airlines авиакомпаниясы Бакудан Таратарстандын Казань шаарына баруучу учак каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, аталган аба каттамы мындай чечимин дрондордун чабуулдарынан улам Казань шаарындагы аба мейкиндигинин байма-бай жабылышы менен түшүндүргөн.

Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болгон.

Кырсыктан көп өтпөй, 28-декабрдан тарта аталган авиакомпания Бакудан Орусиянын жети шаарына каттамдарын токтотконун жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: