super.kg logo
  Саясат  

Кытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

 

Бүгүн, 9-январда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, Исаев кытай элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле кыргыз-кытай баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөө максатында биргелешкен жигердүү иштерге ишенимин билдирди.

Лю Цзянпин колдоо жана жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, эки өлкө лидерлеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле кытай-кыргыз достугун жана ынак коңшулук мамилелерин бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жолугушууда тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу боюнча милдеттерди аныкташты жана жакынкы келечекке пландарды белгилешти.

Мындан тышкары, саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, Кытайдын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Ду Дэвэндин миссиясы 2024-жылдын декабрь айынын башында аяктаганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: