super.kg logo

Дүйнөдөгү эң жакыр президент ракка каршы дарылануудан баш тартып, мекендештери менен коштошту

 

Дүйнөдөгү эң жакыр президент аталган Уругвайдын мурдагы президенти Хосе Мухика рак оорусун дарылоодон баш тартып, мекендештери менен коштошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Саясатчынын айтымында, анын кызыл өңгөчүнөн табылган рак азыр боорго өткөн.

"Кызыл өңгөчтөгү рак боорумду колониялап жатат. Аны эч нерсе менен токтото албайм. Эмнеге? Анткени мен карыдым, эки өнөкөт оорум бар. Химиялык дарылоо да, операция да мага туура келбейт, анткени денем аны кабыл албайт", - деген ал.

Ошондой эле ал мындан ары интервью бербестигин жана жаңы дарыланууну пландабай турганын кошумчалаган.

"Менин суранганым мени жайыма койгула. Менин доорум бүттү. Чынын айтсам, мен өлүп баратам", - деп кошумчалаган Уругвайдын мурдагы президенти.

Ал көп жылдар бою өзү жашаган чакан жер тилкесинде көмүүгө баарын даярдап койгонун айтып, мекендештери менен коштошту.

Мухика 2010-2015-жылдары Уругвайдын президенти болгон, андан кийин өлкөнүн парламентине депутат болуп шайланган. 2018-жылдын август айында ал кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Экс-президент муну “узак сапардан чарчадым” деп түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: