Си Цзиньпин Трамптын инаугурациясына кимди жөнөтөрү белгилүү болду
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын 20-январда боло турчу инаугурациясына катышууга жогорку даражалуу өкүлүн жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Financial Times өз булактарына таянып жазып чыкты.
Басылма талапкерлердин арасында Кытайдын төрагасынын орун басары Хань Чжэн жана тышкы иштер министри Ван И бар деп жазат.
Декабрь айында CBS News телеканалы булактарына таянып, Трамп Кытай президентин инаугурациясына чакырганын жазган. ММК чакыруу ноябрдын башында, шайлоодон көп өтпөй эле жөнөтүлгөнүн белгилеген. Кийинчерээк Си Цзиньпин Вашингтонго барбай турганы, Трамптын инаугурациясына Кытайдын АКШдагы элчиси жана анын жубайы катышары кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.