super.kg logo

Жо Байдендин уулунун Лос-Анжелестеги хан сарайы толугу менен өрттөнүп кетти 

 

АКШнын учурдагы президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байдендин Лос-Анжелестеги үйү токой өртүнөн улам толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, аталган үй 1950-жылы Тынч океандын жээгине курулган. Ал жалпы үч бөлмөдөн туруп, анын баасы 4 миллион долларды түзгөн. Өрттөнүп кеткен үйдө 54 жаштагы Хантер жубайы Мелисса Коэн менен үч жылдан бери жашап жаткан.

"Аппак дубалдары, бийик терезелери бар үй бир кезде бейиштин бир бурчундай сезилчүү. Учурда ал жерде күйүктүн калдыктары гана калды", - деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары Хантерди кайтарып жүргөн кызматчыларына алынган жакын жердеги үй дагы күйүп кеткен. Үйдү ижарага алуунун баасы айына 16 миң долларды түзгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Калифорния штатынын бийлиги Лос-Анжелестин батыш тарабындагы кээ бир аймактарды каптаган токой өртүнөн улам өзгөчө кырдаал жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: