super.kg logo

2008-жылы өз апасын өлтүрүп, Орусияга качып барган жаран ал жактан дагы бир кызды өлтүрдү

 

Оор кылмышка айыпталган адамга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2008-жылдын август айында Чүй облусунун аймагында 1962-жылы туулган аял киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул кылмышка маркумдун 1985-жылы туулган Р.Б. аттуу баласы шектелип, ага издөө жарыяланган. Бирок ошол кезде ал табылбай калган. Бир канча жылдан соң, тагыраагы, 16 жылдан кийин гана шектүү 2012-жылы башка жарандын атынан жаңы паспорт алып, чет өлкөгө чыгып кеткени аныкталган.

Мындан улам Талас облусунун райондорунун биринин паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн айрым кызматкерлери (азыркы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин базасында түзүлгөн "Кызмат" мамлекеттик мекемеси) жасалма документ даярдаган деп шектелүүдө. Алар 2012-жылы кылмышкердин атын жана туулган жылын (1981-жылы туулган И.А. кылып) өзгөртүп, жасалма паспорт жасап беришкен. Башкача айтканда, кызматкерлер 1994-жылкы үлгүдөгү мурда жок кылынган паспортту колдонушкан.

"Издөөдө жүргөн шектүү 2022-жылдын ноябрында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында батирдин ээси, 27 жаштагы кызды сабап өлтүргөнү дагы белгилүү болду. Ал жасалма паспорту аркылуу соттолгон. Жазасын Орусияда өтөп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле маалыматта ал соттоло элекке чейин, тагыраагы, 2022-жылы Кыргызстанга келип, 2012-жылы алган паспортунун жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайрадан жаңы паспорт алып кеткени аныкталаган.

ИИМ анын изине Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын аягында түшүшкөнүн белгиледи. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук милициясына Талас облусунун райондорунун биринин "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин мурдагы жана азыркы кызматкерлери алынып келинип, териштирилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: