super.kg logo

Лос-Анжелестеги өрт кырсыгынан каза болгондордун саны өстү (сүрөттөр)

 

Калифорниядагы токой өртүнөн каза болгондордун саны сегизге жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлады.

Маалымдалгандай, Лос-Анжелестин өрт өчүрүү кызматынын башчысы Кристин Кроули Палисейдс аймагында дагы эки адамдын өлүмүн тастыктады. Буга чейин алты кишинин каза болгондугу айтылган.

Лос-Анджелес округунун өрт өчүрүү кызматынын башчысы Энтони Маррондун айтымында, Итондогу ири өрт кеминде 4000 имаратты кыйраткан. Ал кошумчалагандай, азырынча өрттү чектөө мүмкүн эмес. Округдун башчысы Кэтрин Баргер тилсиз жоо каптаган учурда да мародёрлук күч алганын айтып, 20 адам шектүү катары кармалганын билдирди.

Белгилей кетсек, 7-январь күнү Калифорниянын түштүк бөлүгүндө токой өрттөрү жайылган. Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, Лос-Анжелестеги өрттүн аянты 11 миң гектарга жетти. Өрттөлгөн турак жайлардын да аянты эбегейсиз. Бул арада өзгөчө кырдаал жарыялаган АКШ президенти Жо Байден кырсыкка каршы күрөшүү режимин киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: