Татарстанда машыктыруучу шакирттерине жаш баланы тепкилетти (видео)
Татарстандын Набережные Челны шаарында футбол боюнча жаш балдардын машыктыруучусу шакирттерине өзүнүн карамагындагы баланы тепкилетти. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазып, видео менен бөлүштү.
Жабыркаган баланын апасынын айтымында, окуя былтыр октябрь айында футбол бөлүмү ижарага алган «Колокольчик» бала бакчасында болгон. Анда балдар машыктыруучусу жаш баланы күнөөсү үчүн тепкилетип, андан кийин кайра ажыраткан.
Бул окуядан кийин машыктыруучу жумуштан четтетилген. Бала эч кандай жаракат алган эмес, бирок ал начар уктап, машыгууга баргандан коркуп калган.
Учурда бул факты боюнча териштирүү жүрүүдө.
Машыктыруучу шакирттерине баланы тепкилетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.