super.kg logo

Кыргызстандан Тажикстанга тоок этин жана куйрук май алып өтүп бара жаткан жигит кармалды

 

Баткен облусунун Лейлек районунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары эки күндүн аралыгында баасы болжол менен 1 миллион 900 миң сомду түзгөн аткезчилик жүктү кармашты. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Кечээ, 9-январда Баткен облусунун Лейлек районунун Курук-Сай жергесинде чек ара кезмети Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Анын айдоочусу Кыгрызстандан Тажикстанга 3 тонна майдаланган тоок этин жана болжол менен 300 килограмм куйрук майын алып өтүүгө аракет кылган.

2003-жылы туулган Ж .уулу Т. аттуу кыргызстандык жаранда алып өтүп бараткан жүгүндө тийиштүү документтер болгон эмес.

Мындан тышкары бүгүн, 10-январда Достук-Мурас автожолунун тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Анда Тажикстандан Кыргызстанга алынып келинген аткезчилик жүк аныкталган. Автоунаанын айдоочусу 31 жаштагы С.Р. аттуу Кыргызстандын жараны Кыргызстандын аймагына болжолдуу баасы 1 миллион 500 миң сомду түзгөн сегиз куту электрондук тамекини документи жок алып кирген.

Тийиштүү протоколдор түзүлгөн соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр тийиштүү органдардын кызматкерлерине андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: