super.kg logo

Лос-Анжелестеги өрттөн каза болгондордун саны дагы көбөйдү

 

АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы токойлорду каптаган өрттөн улам кеминде 10 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмадар жазышты.

Лос-Анжелестеги өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, эки киши океан жээгиндеги Пасифик-Палисейдс районунда набыт болгон. Ал эми беш адамдын өмүрү Пасадена шаарында кыйылган. Буга чейин жалпы каза болгондордун саны сегизге жеткени маалым болгон.

Тилсиз жоонун тез жайылышына катуу шамал түрткү болуп жатканы айтылууда. Акыркы маалыматтарга караганда, өрт каптаган аймактын жалпы аянты 11 миң гектарга жеткен. Ал эми 10 миңге жакын турак жай күлгө айланган. Ошондой эле 150 миңдей адам эвакуацияланды.

Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: