super.kg logo

Баткенде жарылган снаряддан жабыркаган эне менен кыздын абалы айтылды

 
Бүгүн, 10-январда саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылындагы снаряддын жарылуусунан жабыркаган эне менен кыздан кабар алды.
Министрликтен кабарлашкандай, ал бейтаптардын абалы туруктуу экенин, аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты.
Ошондой эле Байдавлетов дарыгерлер жабыркагандардын тез сакайып кетиши үчүн колдон келгендин барын жасап жатканын баса белгиледи.

Эске салсак, 5-январда Арка-2 айылында белгисиз жардыруучу зат жарылып, эки адам ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Баткен облустук милициясы окуядан 32 жаштагы аял жана анын 11 жаштагы кызы жабыркаганын маалымдаган. Маалыматта тургундар жашаган үйүнүн короосун жыйнап жатып белгисиз затты таап алышканы, аны үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда жарылып кеткени айтылат. 39 жаштагы үй ээси жарылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн деген көрсөтмө берген.

УКМК жарылган зат снаряд экенин билдирген.

Жабыркаган кыз менен эне кийинки күнү Баткен ооруканасынан Ошко которулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: