Кубакы ашуусунда тралдан чыккан өрттөн алты унаа күйүп кетти



ӨКМ Бишкек-Нарын -Торугарт унаа жолунда Кытайдан унаа жүктөп келе жаткан тралдан чыккан өрт боюнча маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, өрттөн Тойота Corolla үлгүсүндөгү беш жеңил унаа жана Фура күйүп, DI AiDi үлгүсүндөгү 2 унаа сакталып калды. Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу тартылган.
Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Кабарлай кетсек, бүгүн, 10-январда коңшу Кытайдан унаа жүктөп келе жаткан трал Кубакы ашуусунда өрттөнүп кеткени маалымдалган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.