Лос-Анжелесте өрттөн каза болгондордун саны 16га жетти
АКШнын Калифорния штатынын түштүгүндөгү өрттөн улам каза болгондордун саны 16 адамга жетти. Мындай маалыматты дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда
"Лос-Анжелес округундагы бир нече өрттөн каза болгондордун саны 16га жетти" деп жазат NBC News басылмасы.
Буга чейин тилсиз жоодон жалпы каза болгондордун саны он адамга жеткени маалымдалган.
Эске салсак, 7-январь күнү Калифорниянын түштүк бөлүгүндө токой өрттөрү жайылган. Метеорологдордун айтымында, штатта токойдон чыккан өрт катуу шамалдан улам күч алып, калктуу конуштарга өткөн. Анын айынан миңдеген имараттар коркунучка кептелсе, 180 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. 370 миң адам электр жарыгысыз калган. Бул арада өзгөчө кырдаал жарыялаган АКШ президенти Жо Байден кырсыкка каршы күрөшүү режимин киргизген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.