super.kg logo

Милиция "Эл уксун" ютуб каналынын ээсин кармады

 

Өлкө жарандарын террордук ишке чакырууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык,12-декабрда интернет булактарында кыргыз жарандарын чет өлкөдө болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга чакырган видеоматериалдарды жарыялап жаткан жаран тууралуу маалымат катталган. Факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 254-беренесинин (Террордук ишке көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Текшерүү иштеринде видеотасмалар 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаранга таандык "Эл уксун" ютуб каналына жарыялангандыгы аныкталган. Видеодо 1998-жылы туулган К.А. аттуу Кыргызстандын жараны көрсөтүлөт. Ал Украина менен Орусиянын ортосундагы куралдуу жаңжалга активдүү катышып жүргөндүгүн жана согушка катышуу үчүн жарандарды жалдап жатканын айткан.

Соттук-лингвистикалык экспертиза алардын сөздөрүндө чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн жарандарга чакырык жасаган белгилер камтылган деген жыйынтык чыгарган. Натыйжада, М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: