Башкы прокуратура Таласта айыл өкмөттө иштегендерге кылмыш ишин козгоду

Текшерүүдө Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 0,67 гектар жайыт жер тилкесин жеке жактарга 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү боюнча токтомдорду жасалмалашкандыгы аныкталган.
"Анын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас филиалы тарабынан аталган жерге убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө мыйзамсыз күбөлүк берилген.
Бул факты боюнча Манас райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Манас райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти прокуратурадан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.