УКМК Баткендеги дагы бир миллиондогон сомдук жерди мамлекетке өткөрдү



Баткендеги баасы 60 миллион 800 миң сомдук консерва цехинин күнөскана имараты жана жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Жер тилке Раззаков шаарынын "Стандарт" тилкесинде жайгашкан консерва цехине таандык болгон. Жер 2001-жылы мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.
"Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча базар баасы 60 миллион 800 миң сом болгон 0,76 гектар жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Буга чейин УКМК Раззаков шаарындагы 226 миллион 44 миң сомдук кыш чыгаруучу завод мамлекетке өткөнүн билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.