super.kg logo

Орусияда таң калычтуу окуя болуп, ооруканадан жылаңач чуркап чыккан жаран каза болду (видео)

 

Орусиянын Самара облусунда жылаңач бойдон ооруканадан качып кеткен адам түшүнүксүз жагдайда каза болду. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, Самарадан 171 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Клявлино станциясында жылаңач киши чуркап келип, элдин баары алданып жатканын айтып кыйкырып жатканын байкашкан. Андан соң ал дүкөнгө кирип, ичин талкалап, кассирге кол салган. Ал кассир аялды уруп, анын мурдунун учун тиштеп алган.

Ошол маалда полиция кызматкерлери дүкөнгө кирип келип, жылаңач болуп алып жаңжал чыгарып жаткан адамды кармаган.

Кийинчерээк ал ооруканага жеткирилип, бирок ооруканада каза болгон. Учурда өлүмдүн так себеби такталууда.

Маалым болгондой, ал алгач тамак жасап жатып батири күйүп кете жаздагандан кийин ооруканага түшкөн.






Орусияда жылаңач адам ооруканадан качып чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: