super.kg logo

Ноокенде жоголгон малчыны издөөгө кошумча күч тартылды

 
Бүгүн, 13-январда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттү-Булак жайлоосунда жоголгон адамды издөө иштерине ӨКМдин алдындагы куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 15 куткаруучусу кошумча тартылды. Бул туурасында мекеменин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, облус боюнча башкармалыктын жетекчилиги баш болуп жалпы 58 адам издөөгө чыккан. Учурда жалпы 73 адам издөөнү улантууда. Катаал шартта өз милдеттерин аткарып жаткан өздүк курамга жетекчилик тарабынан коопсуздук эрежелерин эске алуу менен иш алып баруу тапшырылды.
Айта кетсек, 15-декабрда 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: