super.kg logo

Тышкы иштер министрлиги визаларды тариздөөдө айрым өзгөртүүлөр киргендигин кабарлады

 

Инвестициялык саясатты жакшыртуу жана туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча саясаттын алкагында визаларын тариздөөнүн жол-жобосундагы айрым өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык киргизилди. Бул туурасында бүгүн, 13-январда Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, ыкчам тариф боюнча кызмат көрсөтүүнү тандап алган учурда арыз келип түшкөндөн тартып 24 саатка чейин Кыргызстандын электрондук визасын тариздөө мүмкүнчүлүгү ишке киргизилүүдө.

"Өлкөгө ишкердик, туристтик же жеке мүнөздөгү башка максаттар менен (досторуна келүү, медициналык текшерүүдөн өтүү ж.б.) келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн бир жолу/көп жолу кирүү/чыгуу менен 90 күнгө чейинки мөөнөткө "Сапар визасы ("J" тиби)" жаңы категориясындагы визаны тариздөө мүмкүнчүлүгү ачылат.

Буга чейин колдонулган "ишкердик", "туристтик", "тоо туризм" категорияларындагы визалар жоюлат. 22-январдан баштап "Электрондук виза" порталында жеткиликтүү болот. Ушуга байланыштуу, чет өлкөлүктөргө сапарларды алдын ала пландаштыруу керек болот", - деп айтылган маалыматта.

ТИМ кошумча маалымат үчүн +996 703 42 88 65 жана +996 999 312 002 анын ичинде мессенджерлер (WhatApp, Telegram) номурларына кайрылса боло тургандыгын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: