super.kg logo
  Спорт  

Британиялык мушкер Тайсон Фьюри карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады

 

Британиялык мушкер Тайсон Фьюри карьерасын жыйынтыктады. Ал бул чечимин Х социалдык баракчасы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар кабарлады.

"Мен бокстан кеткенимди жарыя кылгым келет, бул укмуштуудай болду. Ар бир мүнөтүмдү жакшы өткөрдүм", — деген кайрылуусунда.

Фьюри 2024-жылы украиналык мушкер Александр Усикке эки ирет жеңилген. Биринчи беттеш майда, экинчиси декабрда орун алган. Фьюри 34 жеңиш жана бир тең чыгуу менен эки жеңилүү ызасын тарткан.

Белгиленгендей, 36 жаштагы мушкер буга чейин бир нече ирет карьерасын жыйынтыктаганын айткан. 2016-жылы тыюу салынган заттарды колдонгондугу үчүн жыйынтыктаганын айтып, бирок 2018-жылы кайра спортко кайткан. Экинчи ирет 2022-жылы Диллиан Уайттты жеңгенден кийин боксту таштаарын билдирген. Бирок кайра кайтып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: