super.kg logo

Орусиялык кыз баласын таштап коюп түнкү клубга кетип калган. Уулу ачкадан каза болду

 

Эскорт кызматын көрсөткөн орусиялык Ольга аттуу кыз Мексикада 6 жаштагы уулун жалгыз таштап коюп түнкү клубга кетип калып, уулу ачкадан улам каза болду. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.

Белгилүү болгондой, 34 жаштагы Ольга Иделевич 2018-жылы мексикалык юристтен Омар аттуу уулдуу болгон. Аял менен бала Мексикада жашашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2024-жылдын декабрь айында ал түнкү клубдарда иштеп, жаңы жыл түнү баласын үйдө жалгыз калтырып кеткен. Ошол эле учурда жумушка чыгар алдында дарыгерлерди чакырып, уулу өзүн жаман сезип жатканын айткан.

Дарыгерлер арыктап, алы жок жаткан баланы 31-декабрда Инсургентес-Миккоак аймагындагы батирден табышкан. Бала ооруканага жетпей каза болгон. Кийинчерээк сурак учурунда Ольга Иделевич полицияга испан тилин жакшы билбестигин айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Андан кийин ал батирден качып чыгып кеткен, учурда анын кайда экени белгисиз.

Дарыгерлер бала ачкалыктан улам алсырап, анан каза болгонун аныкташкан.

Буга чейин Ольга социалдык тармактар аркылуу баланын атасынан каржылык колдоо көрсөтпөгөндүгү тууралуу бир нече жолу арызданган. Мындан тышкары ал коммуналдык төлөмдөрдү жана турак жай үчүн ижара акысын төлөгөн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: