super.kg logo

Москвада Кыргызстандын эки жараны уурдалды

 

Москвада эки кишини ири суммадагы акча талап кылуу максатында уурдап кетишкен. Бул тууралуу "Известия" басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны "Кузьминки" метросунун жанындагы кафеде таанышын күтүп турган. Аларга эки белгисиз адам келип, унаа түртүшүүгө жардам сураган. Алар унаа түртүп жатканда белгисиз адамдар кыргызстандыктарды ошол эле унаага салып, качышкан.

Уурдаган адамдар кыргызстандыктарды батирге алып келип, 190 миң рубль талап кылып, "сабап өлтүрөбүз" деп коркутушкан.

Кийинчерээк уурдоого шектүүлөр уктап калганда кыргызстандыктардын бири жардам сурап кат жазып, терезеден ыргыткан. Көп өтпөй эле окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, адам уурдоого шектүү үч жаранды кармаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: