Чүйдө жана Бишкек шаарында 2024-жылы жүргүнчү жана жүк ташыган 300 миң унаа текшерилген



Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан 2024-жылы жүргүнчү жана жүк ташыган 285 миң 779 унаа текшерилген. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2647 протокол түзүлгөн.
"Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында 24 миллион 168 миң 500 сом айып салынган. Ошондой эле юридикалык жактарга 75 эскертме кат берилген.
Текшерүү иштери транспорттук көзөмөл пункттарында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүп, 14 ирет рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.