super.kg logo

Сокулуктагы миллиондогон сомдук дан тегирмени мамлекетке алынды (фото)

 

Чүй облусунун Сокулук айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дан тегирмени мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын жыйынтыгында Чүй облусунун Сокулук айылында жайгашкан сметалык баасы 331 миллион 391 миң сомдук дан тегирмени, 2,4 гектар жер аянты менен мамлекетке кайтарылган.

"Дан тегирмени – фермердик жана үй-бүлөлүк чарбалар, элеваторлор, айыл чарба ишканалары жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн дан өсүмдүктөрүн тазалоо, кургатуу, ташуу жана сактоого багытталган оруп-жыйноодон кийин иштетүү үчүн механикалаштырылган машиналардын, жабдуулардын жана курулмалардын комплекси бар аянтча болуп саналат", - деп билдиришти УКМКдан.

Белгилүү болгондой, "Колос" дыйкан чарбасынын төрагасы Ш.А. 2023-жылдын 22-ноябрында 13 дыйкан чарбанын кызыкчылыгына каршы 2,4 гектар болгон дан тегирменин өзүнүн наамына мыйзамсыз түрдө каттатып алганы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: