super.kg logo

Өлкөдө мектеп мугалимдерине 20-январдан тартып ноутбуктар бериле баштайт

 
3400 даана ноутбук ушул жылдын 20-январынан тартып STEM мугалимдерине бериле баштай. Бул туурасында Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, министрдин орун басары Лира Самыкбаева И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.
Технопарктын директору Касымбек Келебаев эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестинде 5 сааттан кем эмес убакыт тургандыгын айткан. Ошондой эле министрликке өткөрүп берүү багытында иштер жүрүп жаткандыгы кошумчаланган.
"Алтын казык" программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз ноутбук менен камсыздалат. Азыркы учурда бул ноутбуктарга «Санарип кампа», «Электрондук күндөлүк» тиркемелери киргизилип жатат. Мугалимдер бардык отчётторду электрондук түрдө тапшырууга баратышат. Ал үчүн ар бир мугалимдин жеке ноутбугу болушу керек", – деп белгилеген Самыкбаева.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: