Индияда эң ири диний фестиваль башталды, ага 400 миллион зыяратчы катышат (сүрөттөр)






Индияда “Маха Кумбх Мела” аттуу масштабдуу диний фестиваль башталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашты.
Майрамдын башталышын белгилөө үчүн Уттар-Прадеш штатындагы Праяграже шаарындагы Ганг дарыясынын жээгине миллиондогон индус динчилдери чогулушту. Ал 12 жылда бир өткөрүлөт жана Индиядагы индустардын диний календары боюнча “фестивалдардын фестивалы” деп аталат.
Басылмалар белгилегендей, быйылкы 45 күндүк майрамдоого 400 миллиондон ашык адам катышуусу күтүлүүдө, бул тарыхта рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.