super.kg logo

"Крокустагы" теракт боюнча жалпы 27 кишиге кылмыш иши козголгон

 

Москвадагы “Crocus City Hall концерттик залында болгон терактка шектүү 27 адамга айып тагылды. Бул туурасында 14-январда Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин билдиргенин орус басылмалары жазды.

Бастрыкиндин айтымында, учурда террордук актты уюштурууга, даярдоого жана каржылоого тиешеси бар башка адамдарды иликтөө иштери уланууда. Ал кошумчалагандай, бирдиктүү акча чогултуу борборлору аркылуу каржылык байланыштар аныкталган жана текшерүү уланууда.

Белгилей кетсек, 22-мартта Орусиянын Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: